• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 43,7 млн сомдук жер тилкеси муниципалитетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек. 27.09.22. /Кабар/. Бишкекте 43,7 млн сомдук жер тилкеси муниципалитетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын А.Каниметов атындагы жалпы билим берүүчү №1 гимназия-интернатында жер мыйзамдарынын жана муниципалдык менчик мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, А.Каниметов атындагы мектеп-интернатынын мүлк комплекси жер тилкеси менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагына өтүп, муниципалдык менчик болуп саналат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2013-жылы гимназия-интернатка жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилген, бирок участоктун аянты негизсиз азайтылып, аянты 0,44 га түзгөн бөлүгү жогоруда аталган окуу жайдын аймагынан мыйзамсыз алынып, муниципалдык менчиктен чыгарылгандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин дарегине мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө талап киргизилип, анын негизинде болжолдуу баасы 43,7 млн сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий