• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 48 миң сом салынган сумканы уурдоого шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Патрулдук милиция кызматкерлери уурулук кылууга шектүүнү кармашты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 17-мартта болжол менен саат 12:50дө «102» линиясына Тыныстанов-Сүйөркулов көчөлөрүнун кесилишинде 2 күн мурда акча уурдаган адамды көргөндүгү тууралуу чакыруу келип түшкөн.

Патрулдук милициянын инспекторлору келгенде 1987-жылы туулган Ж.Э. аттуу жаран 15-мартта болжол менен саат 13:00дор чамасында Сүйөркулов-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде ичинде 48 миң сом салынган сумканы уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

«Ууру», «Арсенал» жана «Издөө» аталышындагы рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө милиция кызматкерлери тарабынан 1983-жылы туулган К.В. аттуу жаран кармалып, андан ары териштирүү үчүн Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Аталган факт Бишкек шаардык октябрь райондук ИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикир

Оставить комментарий