• 84.81
  • 101.79
  • 1.14

Бишкекте №5, 11 жана №14 каттамдагы троллейбустардын иши убактылуу токтотулду. Мэрия себебин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Бишкекте №5, 11 жана №14 каттамдагы троллейбустардын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн таң эрте Манас проспектисинде жол кырсыгы катталган, анда жеңил автоунаанын (таксинин) айдоочусу троллейбустун түркүгүн кулаткан.

"Линиялар калыбына келтирилди, түркүк азырынча алына элек. Буга байланыштуу түндүк багытты карай жүргөн троллейбустардын иши убактылуу токтотулду. Аталган участок аркылуу №5, 11 жана №14 каттамдагы троллейбус жүрөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий