• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте 5 миңден ашык абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Эртең, 31-январда төлөмдөрдү өз убагында жүргүзбөгөн Бишкектеги 5200 абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алардын карыздарынын суммасы 17 млн. сомду түзөт.

"Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүү керек", - деп билдиришти ишканадан.

Эске салсак, “Түндүк электр” ААК төлөмдү учур чак режиминде кабыл алууда. «Мобильник», «QIWI» төлөм терминалдарынан жана «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Пикир

Оставить комментарий