• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте 5 жашар кыз колун электр эт туурагычка чайнатып алып, ага уникалдуу операция жасалды (абайлаңыз, сүрөт!)

Ден соолук 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Бишкекте 5 жаштагы кыз колун электр эт туурагычка салып жиберип, ага уникалдуу операция жасалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук госпиталдын пластикалык реконструкциялоо микрохирургиясы жана манжа хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Керим Беерманов билдирди.

Дарыгердин айтымында, кызды “Тез жардам” алып келген. Кыздын апасы билдиргендей, ал 25-ноябрда кылдатсыздыктан улам жаракат алган. Чындыгында ал колун электр эт туурагычка салып жибергендиги белгилүү болгон.

“Биз эт туурагычты кесип салайын дедик, бирок кыз күйүк алып же колун дагы көбүрөөк жабыркатып алабы деп корктук. Натыйжада баарын алып чыгып, манжаларын чогулттук”, - деди дарыгер.

Ошондой эле ал учурда бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалады. Кан айланууну жакшыртуу үчүн барокамераны кошуп коюшкан. Кыздын абалы канааттандырарлык.

Операцияны хирург Акбар Жороев бригадасы менен биргеликте жасаган.

Пикир

Оставить комментарий