• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 50 жаңы троллейбус каттап баштайт

Коом 0

Бишкек, 20-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын III кварталында муниципалдык парк 50 жаңы троллейбус менен толукталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий билдирди.

Анын айтымында, алар Европа банкы долбоору боюнча сатып алынат. “Мындан тышкары, биз чакан жана орто сыйымдуулуктагы автобустар менен ташуу рыногубузга киргизүү үчүн жеке инвесторлорду тартуу боюнча чоң иштерди аткардык. Бул багытта дагы алгачкы кадамдар бар. Жеке фирма 12 автобус алып келип, паркты дагы толуктоону убада кылды. Иштер жүрүп жатат, натыйжа бар”, - деп белгиледи ал.

Өз кезегинде Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Артур Өмүрзаков жаңы троллейбустардын алынышына байланыштуу Бишкекте жаңы каттамдар ачыла тургандыгын белгиледи. “Биз шаардык транспорт башкармалыгы менен биргеликте шаардыктардын ыңгайы үчүн кандай каттамдарды ачуу керектигин пландап жатабыз”, - деп бөлүштү ал.

Бишкек жүргүнчү унаа транспорту ишканасынын директору Бакыт Темикеев шаардын бардык автобустары техкөзөмөл өтүп жаткандыгын белгиледи. “Күн сайын каттамга чыккан бардык айдоочулар алардын ишке чыгар-чыкпасын чечкен наркологиялык экспертизадан өтүшөт. Мындан тышкары инструктаж өткөрөбүз”, - деп ынандырды ал.

.

Пикир

Оставить комментарий