• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 50 жаштагы жаран сабалып, тапанчадан ок чыгарылган. Шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектелген жарандар кармалды.

Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында болжол менен саат 02:00 чамасында Бишкек милициясынын "102" кызматына Манас көчөсүндө белгисиз жарандар бир адамды уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 50 жаштагы К.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 02:16да арыз ээсин белгисиз жарандар эч себепсиз уруп, тапанчадан ок чыгарганга чейин барган.

Арыздын негизинде Милициянын кайгуул кызматкерлери 27 жаштагы И.Ж., 31 жаштагы Ч.Ч. жана 25 жаштагы К.А. аттуу жарандарды кармаган.

Шектүүлөр Биринчи май райондук милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Кармоо учурунда шектүү жарандардан газотравматикалык тапанча табылган.

Аталган факты боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесинин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий