• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 500гө жакын спортчунун катышуусунда парамарафону өттү

Спорт 0

Бишкек, 17.10.22. /Кабар/. Бишкекте майыптыгы бар жарандар арасында "Чектөөсүз спорт" аталышындагы парамарафон болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Иш-чарага 500гө жакын спортчу катышып, чуркоо, таяк тартыш жана кол күрөш боюнча мелдештер өттү.

Парамарафондун салтанаттуу ачылуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев катышты.

Парамарафондун катышуучуларына медалдар жана белектер берилди.

Белгилей кетсек, “Чектөөсүз спорт” ден соолукту чыңдоо марафонунун негизги максаты — майыптыгы бар жарандарды дене тарбия жана спорт аркылуу коомго аралаштыруу, аларды сергек жашоо мүнөзүнө үндөө болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий