• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 520 биринчи класстын болочок окуучулары электрондук каттоодон өттү

Коом 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкекте 520 биринчи класстын болочок окуучулары электрондук каттоодон өттү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, азыркы учурда “Мектепке электрондук каттоо” системасында 520 арыз катталды.

"Ар бир саатта 20дан 40ка чейин адам катталууда. mektep.edu.gov.kg сайтына 8000ден ашык адам кирди", - деп билдиришти министрликтен.

“Мектепке электрондук каттоо” долбоору – бул мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына мектеп курагындагы (6-7 жаш) балдарды автоматтык түрдө каттоону камсыз кылган маалыматтык система. Долбоор Бишкек шаарында ишке киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий