• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 58 жаштагы аялды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Бишкекте 58 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 14-майда саат 10:52лер чамасында "102" кызматына Урицкий көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Жеринде 63 жаштагы Д.И. аттуу аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган.

Ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, шектүү катары 58 жаштагы Г.Б. аттуу жаран кармалган. Ал тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (“Адам өлтүрүү”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий