• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 6 миңден ашык мугалим өз ишин баштайт

Коом 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Бишкекте 6 миңден ашык мугалим жаңы окуу жылында кайрадан иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы Азиз Суракматовдун төрагалыгы астында вице-мэрлердин, шаардык кызматтардын жетекчилеринин жана мэриянын структуралык бөлүктөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда пландык кеңешме өттү.

Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова өз сөзүндө билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата калаадагы бардык мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери жаңы окуу жылына даяр.

Ошондой эле Мейрманова кошумчалагандай, Бишкекте 6 миңдан ашык мектеп мугалимдери өз иштерин баштоого даяр.

Пикир

Оставить комментарий