• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 6 миңден ашуун окуучу “Тулпар” картасын алды

Коом 0

Бишкек, 01.09.20./Кабар/. 1-сентябрга карата Бишкекте 6 миңден ашуун мектеп окуучусу “Тулпар” картасын сатып алды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, карта 50 сом турат, окуучулар үчүн бир айга 175 сомду түзөт. Жашыл картаны бир жолу алып, мектепти окуп бүткөнчө колдонууга болот.

“Окуучунун “Тулпар” картасын сатып алуусу үчүн алгач мектептин директоруна кайрылуусу керек. Жеке жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери дагы “Тулпар” компаниясына расмий арыз жана окуучулардын тизмеси менен кайрылуулары зарыл”, - деп айтылат билдирүүдө.

Шаардык бийлик белгилегендей, эгерде сиздер мектепке жакын жашап, балдарыңыздар автобус жана троллейбуска түшпөсө, анда карта алуунун кажети жок.

Эскерте кетсек, шаар тургундарынын, балдардын ыңгайлуулугу үчүн 1-сентябрдан тартып коомдук транспорт (автобустар, троллейбустар, маршруттар) кадимки режимде, эртең менентен баштап кечке чейин үзгүлтүксүз, график боюнча иштеп баштады.

Бүгүн каттамга 100дөй автобус, 100дөй троллейбус жана бир жарым миңдей маршрут чыкты.

Коомдук транспорттун иши боюнча суроолорго жоопту төмөнкү телефондор аркылуу алууга болот:

Шаардык транспорт башкармалыгы (маршруттар): 0550143637;

Автобусттардын ишин тейлеген Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg.

Пикир

Оставить комментарий