• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте 6 мыйзамсыз обьект түрттүрүлдү

Коом 0

БИШКЕК, 08.08.17. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын жер жана курулуш башкармалыгы 40 чарчы метр аянтында мыйзамсыз салынган дубалды түрттүрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Дубалды түрттүрүү тоскоолдуксуз аткарылды.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын жер жана курулуш башкармалыгы “Тазалык” ишканасы менен биргеликте “Дордой” жаңы конушунда, Жантөшов, Анкара-Чолпоната көчөсүндөгү өзүм билемдик менен орнотулган бир катар обьектилерди түрттүрдү.

Шаардык кызматтар тарабынан аталган обьектилердин ээлерине алдын ала эскертүүлөр берилген. Аны аткарбагандыктарына байланыштуу, обьектилер түрттүрүлгөн.

Иш чара Бишкек шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 6-январындагы №1 токтомунун негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий