• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 6 унааны уурдаганга шектүү кыз кармалды

Коом 0

Бишкек, 16.11.18 /Кабар/. Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери “BMW” үлгүсүндөгү унааны уурдаганга шектелген 23 жаштагы кызды кармашкан. Тартип сакчылары ал кыз дагы 5 унааны уурдаганга катыштыгы бар деп шек саноодо.

Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, 7-ноябрда милицияга Бишкектин тургуну кайрылып, 7-ноябрда андан BMW үлгүсүндөгү унаанын ачкычын уурдап, аны айдап белгисиз тарапка качып кеткен кызга чара көрүүнү суранган.

Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери аталган кылмышты жасоого шектүү деп 1995-жылы туулган Б.к.Аны кармашкан.

Соттун чечими менен ал бир айга камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий