• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 6 жашар бала дайынсыз жоголду

Коом 0

Бишкек, 22.10.20 /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан дайынсыз жоголгон 6 жаштагы Исламбек Осмонов изделүүдө.

ИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал 17-октябрда Абдымомунов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн велосипед тебүү үчүн чыккан боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 75-85 см, арыкчырай дене түзүлүштөгү, чачы кыска, кара, өзү кара-тору.

Кийимдери: ак түстөгү футболка, кара түстөгү спорттук шым, көк түстөгү спорттук бут кийим.

«Исламбектин кайда экенин билгендер болсо, анда төмөнкү номерлерге 0(312) 56-17-52, 0(554)102-148, 0(703) 102-261 (Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын издөө бөлүмү) 0 (312) 56-32-48 же “102ге” кайрылып коюуңуздарды өтүнөбүз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий