• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 60 көчөнү ремонттоо пландаштырылууда

Коом 0

Бишкек, 05.02.19 /Кабар/. Бишкекте жалпысынан 70 чакырымдык 60 көчөнү ремонттоо пландаштырылууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Көчөлөрдүн тизмеси бул жерде.

Көчөлөрдү оңдоп, калыбына келтирүү иштери СССР учурунан бери ремонт иштерин көрө элек жолдордо өткөрүлөт.

Ремонттук иштер Бишкектин унаа жолдорун калыбына келтирүү долбоорунун негизинде ишке ашырылат.

Бул көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилип, тротуар жана ирригациялык каналдар курулат. Ар бир оңдоло турган жолдун долбоору даяр. Оңдоо иштери Кытай өкмөтү берген гранттын негизинде аткарылат.

Маалым болгондой, айрым көчөлөрдө калыбына келтирүү иштеринин жана жолдорду кеңейтүү иштеринин алкагында бир нече объектилер түртүлөт. Эгер ошол конструкциялардын ээлеринде тиешелүү документтер болсо, аларга компенсация төлөнүп берилет.

Эске салсак, 2017-2018-жылдары Кытайдын гранттык каражатына жалпы 90 чакырымдык 47 көчөнүн капиталдык ремонту жана курулушу бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий