• 84.8
  • 101.16
  • 1.14

Бишкекте 60тан ашкан адамдар үчүн марафон өтөт

Коом 0

Бишкек, 29.03.18 /Кабар/. Жашоонун сергек мүнөзүн жайылтуу максатында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев карылар үчүн марафон өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалат.

60ка чыккан жана андан жогору курактагы адамдар катыша алышат. Катышуучулар үчүн 500 жана 1000 метр аралыктары сунушталат.

Марафон 1-апрелде Э.Гареев атындагы Ботаникалык багында өтөт.

Марага жеткен бардык катышуучуларга байгелер, ал эми жеңүүчүлөргө эстелик медалдар жана мыкты белектер ыйгарылат.

Пикир

Оставить комментарий