• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте мектептин директору үгүт иштерин жүргүзүүдөн баш тарткан мугалимди кызматтан алган

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарында №64 мектептин директору үгүт иштерин жүргүзүүдөн баш тарткан мугалимди кызматтан алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында “Жалпы иш” коомдук фондунун юристи Тариэль Алиев билдирди.

Анын айтымында, мыйзам бузуу Кадамжай районунда да катталган.

"Биздин узак мөөнөттүү байкоочу Кадамжайда добуш сатып алуу фактысын аныктап, аймактык шайлоо комиссиясына кайрылган. Андан кийин материалдар райондук милиция кызматына жиберилген. Ал жактан аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ошондой эле Бишкектеги №64 мектепте администрациялык ресурсту колдонуу фактысы аныкталган. Мектептин директору мугалимдерден белгилүү партия үчүн үгүт иштерин жүргүзүүнү талап кылган. Бир мугалим баш тарткандыктан аны кызматтан алган. Ал мугалим бизге кайрылган, биз прокуратурага кайрылдык. Материал райондук милиция кызматына өткөрүлүп берилип, кылмыш иши козголду", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий