• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте №67 мектеп коронавирустан улам карантинге жабылды

Коом 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Бишкекте №67 мектеп-гимназиясы коронавирустан улам карантинге жабылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Санэпидкөзөмөл борборунун башчысы Кубан Кундашевдин айтымында, аталган окуу жайдын бир нече класста окуган окуучуларында коронавирус аныкталган. Мындан улам мектеп толук жабылды.

Эскерте кетсек, 8-октябрга карата өлкө аймагында коронавируска кабылган 84 учур катталды. Алардын ичинен 45и Бишкекте аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий