• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 7-мартта Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. Евразия экономикалык бирлигине кирген мамлекеттердин Өкмөт башчылары эртең, 2017-жылдын 7-мартында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине төрагалыгынын алкагында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков жана Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карепетян, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышат.

Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны тар чөйрөдө жана кеңири курамда өтөт.

Жыйында интеграциялык биримдиктин алкагындагы маанилүү маселелер талкууланат.

Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий