• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 7 томдук “Адабият энциклопедиясы” китеби сунушталды

Коом 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Бишкекте 7 томдон турган “Адабият энциклопедиясы" аталыштагы китеп сунушталды.

"Кабар" маалымат агенттигинде өткөн жыйында китептир автору Кыргыз-орус славян университетинин профессору Аттокур Жапанов билдиргендей, "Адабият энциклопедиясы" китеби бир жылдын ичинде жазылган.

Анын айтуусунда, илим дүйнөсүндөгү кесиптештери бул китепти 2018-жылдын эң популярдуу илимий китеби деп аташкан.

“Бул китеп үчүн Илимдер Академиясынын ардак грамотасы менен сыйландым жана Славян университетинин жетекчилиги университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымым үчүн мени университеттин 25 жылдыгына арналган медаль менен сыйлады. Бул менин 172-китебим”, - деп билдирди Жапанов.

Автор айткандай, энциклопедияда дүйнөлүк жана атамекендик жазуучулар тууралуу маалымат алфавит тартибинде берилген. Ошондой эле китепте кыргыз тилине которулган адабий терминдер жазылган. Жазуучулар тууралуу маалымат жана сүрөт ачык булактардан алынган.

“Андан тышкары мен бул энциклопедияны мектеп окуучулары үчүн окулуктуу болушу үчүн сүрөттөр менен коштодум. Бул китеп ошондой эле мектеп мугалимдери үчүн да абдан керектүү курал”, - деп кошумчалады ал.

Китеп 20 комплекте чыгарылган. Ар бир том 500 сом турат, бир комлект 3 миң 500 сом.

Пикир

Оставить комментарий