• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

3-июндан тарта №7 троллейбус Ак-Өргө конушуна каттай баштайт

Коом 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. 3-июндан тарта №7 троллейбус Ак-Өргө конушуна каттай баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Муниципалитеттен белгилешкендей, троллейбус мурдагыдай эле Ак-Өргө конушунан Тунгуч кичирайонуна чейин каттайт.

Эске салсак, Гагарин-Некрасов көчөлөрүнүн кесилишине канализациялык коллектор орнотулгандыктан 2023-жылдын январь айынан бери №7 троллейбус Ак-Өргөгө каттабай калган.

Пикир

Оставить комментарий