• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте 70тен ашуун жарнама такталары алынды

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын аймагында орнотулган мыйзамсыз жарнактар, плакаттардын ээлерине инспекторлор тарабынан күн сайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө Жибек-Жолу, Манас жана Ч.Айтматов проспектилеринин боюндагы 70тен ашык жарнама такталары (штендер, баннерлер, стеллалар) демонтаждалды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий