• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 8-кабаттан кулаган кишинин абалы туруктуу

Коом 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Бишкекте 8-кабаттан кулаган 51 жаштагы эркек кишинин абалы туруктуу. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда ал киши жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулган.

"Ал башынан жаракат алып, кабыргалары сынган. Ал тиешелүү түрдө дарыланууда", - деди ал.

Эскерте кетсек, 19-январь күнү М.Н. аттуу эркек киши Бөкөнбаев көчөсүндөгү 8-кабат үйдөн секирип, 1-кабаттагы дүкөндүн чатырына кулаган. Жерине келгени куткаруучулар аны жерге алып түшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий