• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 8-кабаттан секирүүгө аракет кылган кыз куткарылды

Коом 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май районунун Манас проспектисинде жайгашкан №41а көп кабаттуу үйүнүн 8-кабатында батирдин балконунан 2000-жылы туулган кыз секирип, өз өмүрүн кыюууга аракет кылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМ кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аталган аялды түшүрүшүп тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, Штаб, ИИМ жана тез жардам кызматкерлери тартылган.

Пикир

Оставить комментарий