• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте 8 өнөр жай ишканасы токтоп турат

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Бишкекте 8 өнөр жай ишканасы токтоп турат. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында, ошондой Бишкек эркин экономикалык аймагында 800дөн ашуун өнөр жай ишканалары бар.

“Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11 айында 8 өнөр жай ишканасы ишин токтоткон. Негизги себептери – финансылык мүмкүнчүлүктүн жоктугу жана жогорку атаандаштык. Ушундай ишканалардын бири Бишкек наабайканасы”, - деди Адилет Малдыбаев.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, азыркы учурда бул маселелерди чечүү боюнча иштер жүрүүдө. Мисалы, ишкананы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн каражатынын эсебинен ишке киргизүү.

Пикир

Оставить комментарий