• 84.45
  • 88.02
  • 1.37

Бишкекте 8-октябрда жалпы ишембилик өтөт

335 кароо Коом 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Бишкекте 8-октябрда масштабдуу ишембилик өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мэрия бардык шаар тургундарын, чарба жүргүзүүчү субъекттерди жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат.

“Урматтуу шаар тургундары. Айлана-чөйрөгө кам көрүү, тазалык жана ыңгайлуулук ар бирибизден башталат. Четте калбай, жарандык активдүүлүктү көрсөтүңүздөр”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 17-сентябрга белгиленген жалпы республикалык ишембилик кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий