• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 819 адам коронавирус жуктурган. Ал өлкө боюнча ооруга чалдыккандардын 33%ын түзөт

Коом 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Бишкекте коронавирус жуктургандын саны 819га жетет, ал өлкө боюнча ооруга чалдыккандардын 33%ын түзөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, 819 учурдун ичинен 85и сырттан жуктуруп келгендер, калган 734ү бул жактан жуктуруп алгандар.

“Коронавирус жуктурган 819 адамдын 664ү шаарда турса, 155 киши башка айыл-шаарлардын тургандары”, - деди ал.

Учурда борбор калаада коронавируска чалдыккан бейтаптардын 410у (51%ы) айыгып, үйлөрүнө чыгарылган, 6 киши каза болгон.

“Коронавирус жуктургун учурлардын 207синде жарандар өздөрү кайрылышкан. 34 учур боюнча бейтаптар ооруну кайдан жуктурганы белгисиз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий