• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги №89 орто мектептин спорт блогун реконструкциялоого тендер жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы Бишкектин Учкун жаңы конушундагы №89 орто мектептин имаратынын спорт блогун реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштерине тендер жарыялады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгиленгендей, тендер чектөөсүз, эки пакеттүү сатып алуу ыкмасы колдонулуп, 3-июнда 5 млн 349 миң 934 сомго жарыяланды. Жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 17-июну.

Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган: www.zakupki.gov.kg

Пикир

Оставить комментарий