• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте АӨБнын Кыргызстандагы кризиске каршы программасын ишке ашыруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Кечээ, 16-майда КР финансы министри Алмаз Бакетаев Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия мамлекеттериндеги башкаруу, каржы сектору жана соода боюнча директору Тарик Ниязи менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар төмөнкү маселелерди талкуулашты:

- чакан жана орто бизнести өнүктүрүү;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү;
- тармактарга байланыштуу кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү;
- COVID-19дан кийинки турукташтыруу жана калыбына келтирүү үчүн финансылык жана социалдык коргоонун туруктуулугун жогорулатуу.

Ошондой эле АӨБнын Кыргызстандагы Кризиске каршы программасын ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Мындан тышкары, АӨБ менен кызматташуунун стратегиялык багыттары, КР менен АӨБ ортосундагы өз ара аракеттенүү, анын ичинде 2022-2024-жылдарга пландаштырылган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн АӨБ тарабынан жардам көрсөтүү маселелери козголду.

Пикир

Оставить комментарий