• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте Абай Кунанбаевдин, Нур-Султанда Манастын айкели тургузулат

Коом 0


Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Бишкекте казак акыны Абай Кунанбаевдин, Нур-Султанда Манастын айкели тургузулат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Ал ошондой эле быйыл Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалып жаткандыгын кошумчалады.

"Нур-Султанда Манастын, Бишкекте Абай Кунанбаевдин эстелигин тургузуу пландалууда. Казак тараптын делегациясы Кунанбаевдин эстелиги боюнча Кыргызстанга келип, Бишкек мэри жана тиешелүү ведомствонун өкүлдөрү менен жолугуп кеткен", - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий