• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте абактарга баңгизат ташып жүргөн жаран кармалды

Коом 0


Бишкек, 09.06.22./Кабар/. Эркиндигинен ажыратылган жайларга баңгизат ташып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынынын кызматкерлери Жазаларды аткаруу кызматынын Ыкчам режим башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарындагы эркиндигинен ажыратылган жайларга баңгизат ыргытуучу каналдарды жоюу боюнча атайын операция өткөрүшкөн.

2022-жылдын 6-майында саат 01:00до караул ротасы Чүй облусунун аймагындагы эркиндигинен ажыратылган жайлардын бирине белгисиз жарандар эки баштыктагы өзгөчө жыттанган, боз-жашыл түстөгү “гашиш” баңгизатын ыргытканын байкап калышкан.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган зат 982 грамм салмактагы “гашиш” баңгизаты экени аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышты буга чейин бир нече жолу соттолгон, эркиндигинен ажыратылган жайларга ири өлчөмдөгү баңгизаттарды киргизүү менен алектенген “Арс” каймана аттуу жигит жасагандыгы белгилүү болгон.

Кармалган жаран Токмок шаарынын тургуну 1989-жылы туулган Ж.А. экени такталды. Ал эркинен ажыратылган жайларга “гашиш” баңгизатын ыргытып жүргөндүгүн мойнуна алды.

Пикир

Оставить комментарий