• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте абал толук көзөмөлгө алынды – шаардык милиция

Коом 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы борбордо өткөн түнү эч кандай укук жана тартип бузуу фактылары катталган жок, деп кабарлады.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, шаардык милициянын жеке түзүмү шаар тургундарынын жана келген коноктордун коопсуздугун сактоо боюнча штаттык режимде иш алып барууда. Учурда борбордо абал туруктуу жана толугу менен милиция кызматкерлеринин көзөмөлү алдында.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 22 жаштагы атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган. Чүй облустук милициянын жетекчиси Самат Курманкулов башынан жаракат алып, оор абалда ооруканада. Атамбаевдин тарапташтары болсо атайын даярдыктагы 6 аскерди кармап алышкан.

Пикир

Оставить комментарий