• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте абанын булгануусун өлчөгөн 50 жаңы датчик орнотулат

Коом 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы Алматы — Бишкек экономикалык коридорунун алкагында Бишкекке абанын булгануусун өлчөгөн 50 «Clarity Node-S» атайын жабдык тапшырды. Максат — абанын булгануу деңгээли өсүп жаткан борбор калаада жана анын тегерегиндеги райондордо абанын сапатын жакшыртуу, жашоочулардын саламаттыгын сактоо жана жашоо сапатын жогорулатуу.

Күн мурун, 17-декабрда Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Кэндис МакДэйган ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология агенттигине абанын сапатын текшерүүчү 50 жаңы датчикти тапшырган.

Иш-чарага өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Уран Ахметов жана экономика министринин орун басары/Алматы-Бишкек экономикалык коридору боюнча подкомитеттин теңтөрагасы Султан Ахматов катышты.

АӨБдөн КР өкмөтүнө гранттык негизде берилген жабдыктардын суммасы дээрлик 90 миң АКШ долларын түзөт.

Жаңы муундагы датчиктер өзүнө күн батареяларын, тышкы факторлордон коргой тургун экранды камтып, онлайн түрүндө абанын сапаты тууралуу маалыматты Кыргызгидрометтин (http: //meteo.kg/) жана Алматы — Бишкек экономикалык коридорунун веб-сайттарына (https://www.almaty-bishkek.org) жиберип турат.

Катуу бөлүкчөлөр (РМ1, РМ2.5, РМ10) жана азот кычкылын өлчөө менен шаардын ар кайсы бөлүктөрүнүн калкына тийгизген таасирин аныктоого жардам берет.

Бул абанын сапатын жакшыртуу боюнча стратегияларды иштеп чыгууга негиз болот. Абанын булгануусу жөнүндө маалыматтарды жарыялоо калктын абанын сапатын жана ден соолукка тийгизген таасирин билүүгө жардам берет.

Белгилей кетсек, аталган датчикти алган Бишкек Борбор Азиядагы биринчи шаар. Бишкектеги абанын сапатын өлчөөнү жакшыртуу боюнча колдоо көрсөтүү өтүнүчү премьер-министрдин аппараты тарабынан демилгеленген жана Экономика министрлиги менен Алматы-Бишкек экономикалык коридорунун алкагындагы тыгыз макулдашуу менен ишке ашырылган.

Пикир

Оставить комментарий