• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте абанын сапатын өлчөөчү электрондук картанын бет ачары болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Бишкекте абанын сапатын өлчөөчү электрондук картанын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы атайын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Канокпан Лао-Арая жана Алматы-Бишкек экономикалык коридорунан өкүлдөр катышты.

Белгилей кетсек, ӨКМ тарабынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнө жана шаардын чет жакасындагы айылдарга абанын булгануусун ченей турган 50 датчик орнотулууда. Жабдыктар Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланды.

“Эми абанын булгануусуна кызыкдар болгон ар бир жаран Кыргызгидромет борборунун (http://gov.meteo.kg/?map=5) жана Алматы-Бишкек экономикалык коридору программасынын (https://www.almaty-bishkek.org/) (https://openmap.clarity.io/) сайттарынан Бишкек шаарындагы абанын булгануу көрсөткүчүн каалаган учурда көрө алат”, - деп айтылат билдирүүдө.

“Таиланддын түндүгүндөгү Нан шаарында чоңоюп өскөм. Ал дагы Бишкек сыяктуу эле өрөөндө жайгашкан. Ушундай эле көйгөйлөр Нанда дагы бар. Кыш мезгилинде бизде дагы аба кирдеп турат. Андыктан бул көйгөйдү мен жакшы билем жана өзүмө жакын кабыл алам. Кыска аралыкта мен бишкектиктердин меймандостугун баалап, өлкөнүн жаратылышынын кооздугун жана тоолордун сулуулугун көргөнгө жетиштим”, - деп белгилеп өттү Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы атайын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Канокпан Лао-Арая өз сөзүндө.

“Кыргызстандагы экология боюнча иш-чаралардын жана долбоорлордун аткаруучусу жана эң негизги иш жүргүзүүчүсү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болот. Мен экологиялык кырдаалдын жакшы багытка өзгөрүшүнө ишенемин. Кыргыз өкмөтү Азия өнүктүрүү банкы менен абанын булгануусунан пайда болгон таасирди азайтуу боюнча кызматташтыгын мындан ары дагы арттырат”, - деди Бообеков.

Пикир

Оставить комментарий