• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте абанын тазалыгын текшерген жабдыктар орнотулат

Коом 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Бишкекте абанын тазалыгын текшерген жабдыктар орнотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, алар “Экологиялык маселелерди чечүү институту” коомдук бирикмеси менен бирге “Таза аба” долбоорун ишке киргизүүдө. Долбоордун максаты шаар тургундары дем алып жатканын абанын тазалыгын текшерүү.

“Алдын ала маалыматтар боюнча, 24-ноябрга карата борбор калаада абанын булганышы боюнча көрсөткүчтөр былтыркыга караганда 35-50%га ашкан. Ошондуктан абанын тазалыгын текшерүү максатында шаарда 39 жабдык орнотулат. Абанын тазалыгы боюнча маалыматтар баарына жеткиликтүү болот”, - деп билдирет мэрия.

Бул долбоорду ишке ашырууга шаар бюджетинен каражат коротулбайт.

Пикир

Оставить комментарий