• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте ачык асман алдында эко-тасма көрсөтүү өтөт

Маданият 0

БИШКЕК, 09.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бүгүн Э.Гареев атындагы ботаникалык бакчада ачык асман алдында эки-тасма көрсөтүү өтөт.

Уюштуруучулар билдиришкендей, тасма көрсөтүү кечки 20:00-22:00дө болот.

“Биринчи тасма француз фотографынын саякаттары тууралуу. Ал Жердеги экологиялык абал жөнүндө эмгектери менен бөлүшкөн. Тасма чындыгында ойго салат”, - дейт иш чаранын демилгечиси Нурсултан Ташбулатов.

Ал белгилегендей, мындай иш чаралар дагы бир нече ирет өтөт. Аларда Жердин ар кыл жактарынан тартылган тасмалар көрсөтүлөт. Тандалган эмгектер адамдардын жандуу жаратылышка болгон көз карашын өзгөртө алган. Бишкекте эко-тасмаларды көрсөтүүнүн максаты – актуалдуу экологиялык көйгөйлөргө шаар тургундарынын көңүлүн бурдуруу.

Иш чарага 100 өлчөмүндө төлөм төлөгөн бардык каалоочулар келе алышат.

Пикир

Оставить комментарий