• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте классикалык музыка сүйүүчүлөрү үчүн концерт өтөт

Маданият 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. 16-октябрда Бишкектеги “Ынтымак-2” сейил багынын амфитеатрында президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы “Манас” президенттик оркестринин классикалык музыкасынын концерти өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, концерт КР эл артисти, дирижёр, оркестрдин көркөм жетекчиси Эрнис Асаналиевдин жетекчилиги астында өтмөкчү.

Маданий иш-чара оркестрдин кайрымдуулук концерттеринин алкагында жана президенттин Иш башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Концерт саат 16:00дө башталмакчы. Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий