• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте ачык асман алдында музыкалык кече өтөт

Коом 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. 23-июнда саат 18:00до Токтогул Сатылгановдун эстелигинин жанында ачык асман алдында кезектеги музыка кечеси өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Музыкалык иш чарада эл аралык сынактын лауреаттары, «Жубанов коктеми» сынагындагы гран-принин ээси, улуттук аспаптар оркестри, Бишкек шаарынын маданият башкармалыгынын өкүлдөрү, Кыргыз эл артисти Бакыт Тилегенов катышат.

Ошондой эле, Улуу, белгилүү композиторлор Т. Сатылганов, К. Орозов, Ш. Шеркулов, Ж. Шералиев, М. Бегалиев, Моцарт, Кьяро, Г. Свиридовдордун чыгармалары аткарылат.

Чыгармалардын аткаруучулары:Нурзат Айдаркулова, Марсиана Дарманбекова, Үсөн уулу Жоламан, эл аралык сынактын лауреаты Айбек Саралиев жана Гүлнара Өмүрзаковалар.

Пикир

Оставить комментарий