• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте ачык асман алдында симфониялык концерт өтөт

Коом 0

БИШКЕК, 17.08.17 / Кабар/. 18-августта Бишкекте ачык асман алдында музыкалык кече өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Концерт Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында 18:00дө башталат. Программада симфониялык оркестрдин жана кыргыз эстрада жылдыздарынын концерти пландалган. Иш чара “Адеп, ыйман жана маданият жылынын” алкагында өтөт.

Бишкек мэриясы бардык каалоочуларды музыкалык кечеге чакырат. Өзүңүздөр менен кошо жагымдуу маанай гана ала келиңиздер.

Пикир

Оставить комментарий