• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасын эки тарап үч жыл биргелешип башкарат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.02.19 /Кабар/. Бишкек шаарында курулган кыргыз-түрк достук мамлекеттик ооруканасын эки тарап үч жыл биргелешип башкарат. Бул мөөнөт аяктаган соң оорукананы башкаруу кыргыз тарапка өтөт.

Өткөрүлүп берилгенден кийин үч жыл Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги мониторинг жана координациялоо ишин жүргүзүп турмакчы.

Мындан тышкары, макулдашууда мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын башкаруудагы жана каржылоодогу жаңы принциптер менен программаларды өткөрүп берүү, жыл сайын 20 кыргыз дарыгерди Түркияда окутуу мүмкүнчүлүгү каралат. Алар ченөө, тандоо, жайгаштыруу борбору тарабынан бөлүштүрүлөт. Ал эми бөлүштүрүлө турган студенттеринин саны эки тараптын ортосунда сүйлөшүлгөн келишимдердин негизинде аныкталат.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы Бишкектеги мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле кыргыз жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркияда билим алуусу жөнүндө макулдашуу жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Пикир

Оставить комментарий