• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте адам өлүмүнө шектелип эки жаш жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунун Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-март күнү болжол менен саат 08:30да "102" кызматына адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке - Тоголок Молдо менен Ташкент көчөлөрүнүн кесилишиндеги эски автобазасынын аймагынан киши колдуу болгон 30-35 жаштагы адамдын денеси табылган.

Бул факт Кылмыш жана жосундардын бирдиктүү реестринде 130-берененин 1-бөлүгү ("Адам өлтүрүү") боюнча каттоого алынган. Тийиштүү экспертиза дайындалды.

Ошол эле күнү, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын аркасы менен кылмышка шектелип 2000-жылы жана 2001-жылы туулган эки жигит кармалган. Алар убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий