• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте адам укуктары боюнча бир айлыктын алкагында акысыз юридикалык кеңештер берилди

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-ноябрда Акыйкатчы аппаратынын адистештирилген бөлүмүнүн кызматкерлери борбор калаадагы соода борборлорунун биринде Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна акысыз юридикалык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Акыйкатчы катчылыгынан билдиришти.

Иш-чара Акыйкатчы институту тарабынан жарыяланган адам укуктары боюнча бир айлыктын алкагында 10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү.

Жардам берүүнүн максаты калктын укуктук маалымдуулугун арттыруу болуп саналат.

Соода борборунун бардык каалоочуларына юридикалык кеңештер берилди. Негизинен жарандар алимент өндүрүү, жер талашы, миграция, ажырашуу жана башка маселелер боюнча кайрылышкан. Арыз ээлери соттук териштирүүлөрдүн созулуп жатканына да нааразы болушкан.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан жарандарга кеңеш берилип, алардын айрымдарына Акыйкатчы аппаратына жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылуу сунушталды. Бардык кызыккандарга Акыйкатчы институтуна кайрылуунун жол-жобосу, 115 ыкчам байланыш телефонунун иши тууралуу маалымат берилип, аппараттын байланыш телефондары да берилди.

Пикир

Оставить комментарий