• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте адам укуктарына арналган конференция өтөт

Коом 0

Бишкек, 04.12.18 /Кабар/. Бишкекте 10-декабрда Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына байланыштуу конференция өтөт. Бул тууралуу бүгүн акыйкатчы Токон Мамытов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учурда билдирди.

Ошондой эле акыйкатчынын кызматында аткарып жаткан ишмердиги жөнүндө кыскача айтып берип, жарандардан келип түшкөн арыздардын 70% сот, тергөө жана прокуратура органдарынын канааттандырарлык эмес жумушуна байланыштуу экенин маалымдады.

Мамытов "115 тез линиясынын" ишин жандандырып, анын жардамы менен жарандар ар кандай маселелер боюнча кайрылып жатышканын билдирди.

Жээнбеков Кыргызстандагы адам укуктарын коргоонун жана алдыга жылдыруунун маанисин белгилеп, алдыда болжолдонгон адам укуктары боюнча конференцияда каралчу маселелерди колдой турганын билдирди.

Ал сот, тергөө жана прокуратура органдарынын ишине байланыштуу омбудсмен институтуна түшкөн арыздар дагы бир жолу бул тармактагы токтоосуз реформанын зарыл экендигин айгинелеп турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий