• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте адам уурдоого шектүүлөр кармалды, арасында УКТ мүчөлөрү дагы бар

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан адам уурдоого тиешеси бар кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КИББдин үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларын алкагында адам уурдоого шектүү кылмыштуу топту кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү.

Ушул жылдын май айында Бишкек шаарынын аймагында бир нече белгисиз адам 28 жаштагы жергиликтүү тургунду күч колдонуу менен “Тойота” үлгусүндөгү унаага салып, ээн жерге алып кетишкен. Алар күч колдонуу менен жабырлануучуну коркутуп, ишкердин 50 миң сом акчасын тартып алышкан. Андан соң бир нече күндөн кийин калган акчаны таап бер деген шарт менен жабырлануучуну кое беришкен.

Жогорудагы факт Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (“Адам уурдоо”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери башталган.

4-май күнү Бишкек шаарынын аймагында үчүнчү башкармалыктын кызматкерлери ИИМдин атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо жүргүзүлдү.

Атайын иш-чаранын жүрүшүндө адам уурдоого катышкан шектүүлөр кармалды, алар Ысык-Көл облусунда 1995-жылы туулган А.А., Чүй облусунун Жайыл районунда 1995-жылы туулган Б.М., Талас облусунда туулган 1995-жылы туулган О.М. жана Нарын облусунда 2003-жылы туулган Ш.Ж. болушкан.

КИББнын маалыматтына ылайык, кармалгандардын арасынан экөө ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган.

Шектүүлөргө таандык эки автоунааны тинтүү учурунда Макаров тапанчасынын базасында жазалган травматикалык тапанча, 3-даана бычак, ошондой эле Toyota, Volkswagen Golf III, Volkswagen Passat, BMW 525 транспорттук каражаттарынын техникалык паспорттору жана эки унаанын мамлекеттик номери табылып алынды.

Азыркы учурда мындан аркы ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий