• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Бишкекте адамдар коронавирустан кулап жатат" деген маалымат чындыкка дал келбейт

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. "Бишкекте адамдар коронавирустан кулап жатат" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрлик социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тротуарда жаткан эркектин видеосу тарап жатканын билдирип, ал боюнча түшүндүрмө берет.

"Бишкек шаарынын ыкчам медицина борборуна, бүгүн саат 15.08де Сухэ-Батор жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эс-учун жоготкон адам жаткандыгы тууралуу билдирүү келген. Жерине барган дарыгерлер ал адамды карап чыккан. Ал киши мас экендиги аныкталган жана үйүнө жеткирилген", - деп билдирет министрлик.

Министрлик, мындай жалган маалыматтарды таратпоого жана эл арасына дүрбөлөң салбоого чакырат.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 16га жетти.

Пикир

Оставить комментарий