• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте адамдарды тоноп, дүкөндөн акча уурдаган делип 3 жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Бишкекте адамдарды тоноп, дүкөндөн акча уурдаган делип 3 жигит кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Криминалдык милиция кызматынан билдиришти.

Жыл башынан бери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында көчөлөрдөн адамдарды тоноп, дүкөндөрдөн акча уурдаган бир катар фактылар аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Бишкек шаардык Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, шектүүлөрдүн өздүгүн аныкташкан.

Азыркы учурда тоноо менен уурулуктун 7 фактысы аныкталды. Андан сырткары, болжолдуу маалыматтар боюнча, кылмыштуу топтун мүчөлөрү уурулук менен тоноонун 10дон ашык фактысын жасоого шектелишүүдө. Кылмыш иштери ушул жылдын январь айынан бери жасалып башталган. Тоноолор көбүнчө "Восток-5", ЖЭБ (ТЭЦ), ЧЧКнын (БЧК) аймактарында жасалган.

Аталган фактылар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-беренеси ("Тоноо") боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Алар түнкү маалда жарандарга кол салып, акча каражаттарын, уюлдук телефондорун тартып алып жүрүшкөн. Көчөлөрдө унаалары менен жүрүп, өздөрүнө ыңгайлуу жерлерден адамдарды тоноп, андан соң издерин жашырып качып кетип жүрүшкөн.

Ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери шектүүлөр кандай автоунаа менен жүргөндүгүн "Коопсуз шаардын" камералары аркылуу аныкташкан.

Ошондой эле алар Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда жана Сокулук районунун Шопоков айылында жайгашкан дүкөндөрдүн эшиктерин талкалап кирип, азык-түлүктөрдү, акча каражаттарды, ноутбук жана башка буюмдарды уурдоого шектелишүүдө.

Аталган фактылар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Комплекстүү ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталып, кармалды. Шектүүлөр Бишкекте жашаган Ысык-Көл облусунун 25 жаштагы Р.К. жана Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 21 жаштагы Д.К. аттуу тургуну болуп чыкты. Алар мурда уурулук үчүн соттолгону айтылат. Ошондой эле мурда соттолгон Талас облусунун Н.уулу К. аттуу тургуну кылмыш жасоо учурунда айдоочу катары жүргөн.

Учурда кармалган жарандар ушул сыяктуу башка кылмыш иштерин жасоого шектелишүүдө.

Иликтөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий