• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте адамды сүзүп, изин жашырган айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган айдоочуну кармады.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрда саат 08:30дар чамасында айдоочу белгисиз унаа менен Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен 17 жаштагы Р.Ж. аттуу жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Аталган факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү Kia Sportage үлгүсүндөгү унаасынын 54 жаштагы С.Д. аттуу айдоочусун аныктап, тергөө кызматына жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий