• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте "Адамзаттын мугалими – Айтматов" аталышындагы китептин бет ачары болду

Коом 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата "Адамзаттын мугалими – Айтматов" аталышындагы китептин бет ачары болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган китептин автору Апилмажун Темиралиев билдирди.

Анын айтымында, "Адамзаттын мугалими – Айтматов" аталышындагы китеп 500 нускада жарык көрдү.

"Айтматовдун туулган күнүнө карата чыгардым. Китептин үстүнөн 7-8 жылдай иштедим. Өзү бир томдон турат. Ичинде жазуучу тууралуу ыр, макала, аны менен жолуккан адамдардын маектери жана түстүү сүрөттөр камтылган. Китеп республика боюнча мектептерге жиберилет", - деди китептин автору.

Апилмажун Темиралиев Чыңгыз Айтматов менен бир нече жолу жолугуп, аны менен көптөгөн жылдар бою бирге иштешкен.

"Европа өлкөлөрүндө жүргөндө Айтматов менен жолугуп жүрдүм. Экөөбүз 6 жыл бирге иштештик. Жазуучу менен кезиккенде Кыргызстандагы мугалимдер менен жолуккандыгын сураганда, ал киши эч жолукпагандыгын айткан. Ошондо, мен 2002-2008-жылдары Кыргызстандагы адабиятчылар, мугалимдер менен төрт жолу жолугушуу өткөрдүм", - деп эскерет Темиралиев.

Жазуучулар союзунун мүчөсү, прозаик, драматург Жумабек Токтогазиев аталган китептин редактору болгонун айтып өттү.

"Апилмажун мага китеп жазып жатканын айтып, ага редактор болуп берүүмдү суранды. Мен Айтматовдун айылдашы болом. Өзү менен чогуу жүрбөсөм да аны жакшы билчүмүн. Айтматовдун "Биринчи мугалим" китеби алгач 1957-1958-жылдары "Биринчи мугалим жөнүндө баллада" деп чыккан. Ошол теманы утурлай "Адамзаттын мугалими – Айтматов" деп китепке ат коюлган. Автору өзү айткандай, анда улуу жазуучунун мугалимдер менен жолукканы, анын ишмердүүлүгү баяндалган. Белгилеп кетүүчү нерсе, бул мектеп окуучуларын тарбияга үйрөткөн китеп", - дейт Токтогазиев.

Жазуучулар союзунун мүчөсү Айтматов өзүнүн жөнөкөйлүгү менен айырмаланып турганын айтат.

"Чыңгыз Айтматов бүт теманы камтыган адам болгонун аталган китепти окуп жатып байкадым. Анын жөнөкөйлүгүнө, адамгерчилигине, байкагычтыгына баа бердим. Чоң адамдардан тарта кичинекей балдар менен бирдей сүйлөшчү. Сүрөткө түшүп жатканда ойноп жаткан балдарды чакырып аларды да сүрөткө түшүрчү. Ал дүйнө жүзүн кыдырган жок, аны дүйнө эли чакыра баштаган. Биз кумурскаларды карап тургандай ал дүйнө жүзүн карап, байкоо салып турган адам болгон", - деп белгилеп өттү драматург.

Пикир

Оставить комментарий