• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтүүдө - сүрөт

Билим 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Бишкектеги Эмен паркында адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтүүдө.

Фестивалга өлкөнүн бардык аймагынан 12 колледж жана 19 лицей катышып жатат.

Иш-чаранын максаты - артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, абитуриенттерди колледждерге жана лицейлерге кабыл алуу өнөктүгүнө колдоо көрсөтүү.

Ошондой эле иш берүүчүлөрдү кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө тартуу.

Фестивалдын программасында колледж, лицейлердин кесипке багыт берүү көргөзмөсү, адистиктер жана педагогикалык чеберчилик борборлору тууралуу презентациялар, иш берүүчүлөрдүн баяндамалары ж.б. камтылган.

Аталган фестиваль Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий